Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Ибраимов менен Кулматовдун соту башка күнгө калды


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум болгон жок. Буга айрым соттолуучулардын адвокаттары келбей калганы себеп болду. Кийинки отурум 23-августка пландалды.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда.

Экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG