Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:33

Кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркады (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кампада чыккан өрттөн эки адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды.

Экөө тең иске ууланган. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. Учурда ал жерде куткаруучулар, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG