Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:15

Италиянын премьер-министри кызматтан кетти


Жузеппе Конте.

Италиянын өкмөт башчысы Жузеппе Конте 21-августта кызматынан расмий түрдө кетти. Анын кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызын президент Сержо Маттарелла кабыл алды.

Конте парламентте сүйлөп жатып, өз чечимин башкаруучу коалицияны түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкылык менен түшүндүрдү. Ал вице-премьер-министр, «Лига» партиясынын лидери Маттео Сальвинини өкмөттү каатчылыкка кептегени үчүн сынга алды.

Мунун алдында Сальвини Италия өкмөтүндө ынтымак кеткенин айтып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү керек экенин билдирген.

Коалициялык көпчүлүктөгү чыр «Лига» партиясынын депутаттары «Беш жылдыз кыймылы» каршы чыкканына карабай, оппозицияга кошулуп алып Францияга чейин ылдам жүрүүчү поезд жолун курууну колдоп койгонунан улам күчөгөн.

Сурамжылоолорго ылайык, Маттео Сальвининин партиясын колдогондор көп жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтө турган болсо, утуп алышы мүмкүн. Ал эми «Беш жылдыз кыймылы» партиясынын тарапкерлери азайып жатат.

Конте Италия өкмөтүн 2018-жылдын 1-июлунан бери жетектеп жаткан. Ал «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» түзгөн өкмөттө бул эки партияга тең тиешеси жок, өз алдынча премьер-министр болгон.

Маттео Сальвини Москвага жан тарткан саясатчы экени белгилүү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG