Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

УКМК: Бишкектеги өтмөктөрдү оңдоодо казына 376 миң сом зыян тарткан


Аламүдүн базарындагы өтмөк.
Аламүдүн базарындагы өтмөк.

Бишкекте жер алдынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдү оңдоп-түзөөдө акча кымырылып алынганы аныкталды. Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталганын 21-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 14-августта Бишкек шаарынын прокуратурасы Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш баштады.

Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсү, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилиштериндеги, «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшериле баштаган.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов белгилегендей, жыйынтыгында Бишкек шаарынын казынасына 376 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери тартип жазасына тартылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бишкектеги эки ири өтмөктү мэрия 2017-жылы толук жаңылаган. Буга 27 миллион сом кеткени кабарланган. Бирок көп өтпөй ичине жаан өтүп, кээ бир карапа такталары түшүп калганы тууралуу сүрөттөр Интернетте тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG