Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Кашмирдеги соңку атышууда кеминде эки адам өлдү


Кашмирде Индия өкмөтүнө каршы чыккандар. 16-август, 2019-жыл.
Кашмирде Индия өкмөтүнө каршы чыккандар. 16-август, 2019-жыл.

Индиянын коопсуздук күчтөрү 21-августта Кашмирде жоочу деп шек саналган бир адам атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Алар Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагындагы атышууда бир полициячы ажал тапканын ырастады.

Бул Нью-Дели мындан бир айдай мурун аталган аймактын өзгөчө автоном макамын жоёру тууралуу айткандан кийинки алгачкы куралдуу кагылыш болуп калды.

Кашмирдин Барамулла шаарынын эски бөлүгүндөгү козголоңчуларды көзөмөлдөө максатында кошумча миңдей жоокер жөнөтүлдү жана бир канча чабуул коюлду.

Ал ортодо Пакистан Кашмирдеги атышууларда анын үч жайкын тургуну өлгөнүн маалымдады.

Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, ушул тушта камакка алынгандар кеминде 2300 кишиге чамалады. Алардын көбү жаштар жана Индияга, Нью-Делиге ыктаган, Кашмир бийлигине каршы чыккан адамдар.

Ушул айдын башында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын билдирген. Ага ылайык негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан тутанган. Куралдуу кагылыштарда түмөндөгөн адамдар ажал тапкан.

Дагы кабар: Трамп Гренландия үчүн Данияга баруудан баш тартты

XS
SM
MD
LG