Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Кой-Таш окуясынан кийин Бишкекте кармалган алтоонун иши тергелүүдө


Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.
Ала-Тоо аянты. 8-август, 2019-жыл.

9-августка караган түнү Бишкек шаарында коомдук тартипти бузууга аракет кылган деген шек менен алты балага карата сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн мэрияда өткөн жыйында айтылды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ошол түнү Ала-Тоо аянтынан 40 бала кармалган, алардын 34ү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилген. Калган алтооно карата «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон.

Жыйында белгилүү болгондой, муниципалдык мүлккө кол салууга, автобустарды талкалоого байланыштуу эки бала камакта отурат.

8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн атайын операциядан кийин УКМКга жеткирилген. Ага бир нече айып коюлуп, мекеменин тергөө абагына камалды.

Атамбаев кармалган түнү Бишкектин борбордук бөлүгүнө жаалданган жаш балдар чыккан. Милиция аларды дароо кубалап тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG