Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Жон Салливан АКШнын Орусиядагы элчиси болушу мүмкүн


Жон Салливан.
Жон Салливан.

«New York Times» гезити АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Салливан Орусиядагы элчи болуп дайындалышы ыктымал экенин жазды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Москвадагы элчиге байланыштуу суроого жооп берип жатып, Салливанды бул орунга дайындашы «толук ыктымал» экенин билдирди. Аны мамлекеттик катчы Майк Помпео да «терең урматтай» турганын белгиледи.

Жон Салливан - карьералык дипломат эмес, ал 2017-жылга чейин АКШдагы мамлекеттик мекемелерде юрист болуп иштеген. Азыркы кызматына мындан эки жыл мурун дайындалган.

АКШнын Орусиядагы азыркы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү тууралуу арыз менен Дональд Трампка ушул айдын башында кайрылган жана жумушунан 3-октябрда расмий бошотулмакчы.

Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки тараптуу мамиленин тарыхый татаал учурунда Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси болуу ишеними берилгенине ыраазычылыгын билдирген.

Америкалык маалымат каражаттары Хантсман өзү туулуп өскөн Юта штатына кайтып барып, алдыдагы шайлоодо губернаторлукка өз талапкерлигин коюну көздөп жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG