Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Өзбекстанда миграция мекемесинин мурунку башчысы 12 жылга соттолду


Равшан Ибрагимов (солдо).
Равшан Ибрагимов (солдо).

Өзбекстандын Ташкент шаардык соту Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимов баштаган төрт аткаминерди 12 жылга эркинен ажыратты.

Аларга «пара алган», «алдамчылык кылган» жана «кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин адалдаган» деген айыптар коюлган.

Равшан Ибрагимов менен анын орун басары Улугбек Назаров жана агенттиктин эки жооптуу кызматкери былтыр ноябрь айында камакка алынган.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги ишенимдүү булактарына таянуу менен бул аткаминерлер жарандарды Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүүдө 20 миллион доллардан ашык пара алган деп шек саналып жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG