Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап жатат


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону улантууда.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул иш саясий өңүткө ээ экенин айтты:

- Экс-президент, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, экс-премьерлер, депутаттар жана башкалар болуп 50гө жакын күбөнүн көрсөтмөлөрүнө сот көңүл бурган эмес. Алтымыштан ашык расмий далил документ да көз жаздымда кала берген. Мен буларды иш чынында эле саясий негизи бар экенин баса белгилеш үчүн айтып жатам.

Буга чейинки отурум 16-июлда болуп, иштин көптүгүнө байланыштуу териштирүү 21-августка калтырылган.

Бүгүнкү сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, коомдук ишмерлер Жолборс Жоробеков, Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышанов жана мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева келишти.

2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишкен, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG