Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Кримчөйрөнүн өкүлүн актады деген судья абактан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен мурдагы судья Дөөлөтбек Турдукожоевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылды. Мындай өтүнүч менен сотко адвокаты кайрылган.

2018-жылы Кыргызстанда криминалдык чөйрөдө «Алтуха» деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов эркиндикке чыккан учурда судья Дөөлөтбек Турдукожоевдин аты аталган.

Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы «адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан», «опузалап акча талап кылган» деген айып менен камакка алынган. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Турдукожоев «опузалап акча талап кылганы далилденген жок» деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда «баңгизат сактаган» деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок «кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти» деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган.

2018-жылдын декабрь айында президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Турдукожоев жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан четтетилген. Ал Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын сунушунун, Башкы прокуратуранын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга берген макулдугунун негизинде иштен алынганын президенттин басма сөз кызматы кабарлаган.

Турдукожоевге карата төрт берененин негизинде иш козголгону кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG