Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

ӨКМ: «Беко» компаниясынын кампасында чыккан өрткө бөгөт коюлду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Беко» компаниясына таандык кампанын 2800 чарчы метри күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдыманап Дыйканов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, эки адам жабыркады. Өрт чектөөгө алынды.

- Өрттүн айынан эки адам түтүнгө ууланып, «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Алардын жынысы жана аты-жөнү такталууда, - деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Москва жана Интергелпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG