Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Украин соту Порошенкого кылмыш ишин козгоого уруксат берди


Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого суракка келген учур.
Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Иликтөө боюнча мамлекеттик бюрого суракка келген учур.

Украинанын борбор шаары Киевде Соломенск райондук соту Улуттук антикоррупциялык бюрону экс-президент Петро Порошенко менен мурдагы тышкы иштер министри Павло Климикинге кылмыш ишин козгоого милдеттендирди.

Мунун алдында Иликтөө боюнча мамлекеттик бюро «кызмат абалынан кыянаттык мнен пайдаланган» деген шек менен мурдагы президент Петро Порошенкого байланышкан 12 ишти тергеп жатканы белгилүү болгон. Анын баарында экс-президент күбө катары сурактан өтүп жаткан.

Порошенко бул иштердин баарын «саясий куугунтук» деп атаган. Анын саясий атаандаштары экс-президентти камакка ала турган далилдер жетиштүү экенин билдирип жатышат.

Ал быйыл апрель айында экинчи мөөнөткө калуу максатында президенттик шайлоого катышкан жана азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленскийге утулуп калган.

XS
SM
MD
LG