Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.
Анын айтымында, Салянованын абалы туруктуу, текшерүүдөн өтүп, дарыларын алууда.
- Операция боюнча да консультациялар болуп жатат. Азырынча бүгүн-эртең деген маселе жок. Бир-эки ай даярдык болушу керек экен. Негизи «операцияны Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө жасатабыз» деп жатышат.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында эки жарым ай отургандан кийин 15-августта үй камагына чыккан.
Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага панкардит деген жаңы диагноз коюлганын, бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөрүн айтышкан. (RK)