Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Назарбаев бийликтен соцжардам күткөн жарандарды тилдеди


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Бүгүн, 21-августта Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Анда ал мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемеледи:

- «Менин балам көп, айлыгым аз, мага бер» деген ураандарды көтөрүп жүрүшөт. Сен эмнени ойлодуң? Бул сенин маселең да?! Сен буга чейин мамлекет менен кеңештиң беле? Жумушуң жок болсо чакан насыя ал, эки уй сатып алып өзүңдү бак. Сүтүн сатып акча тап. Огородуңду айдап, өзүң жеп, калганын базарга алып барып сат. Билим алып, иште. Силерге дагы эмне керек? Биз жасап жаткан мындай нерселер дүйнөдө да жок, - деди Назарбаев.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак-жай маселесин чечип, жөлөкпулду көтөрүүнү талап кылып маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG