Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:03

Бөрүбашев: Текебаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болууда


Бекбосун Бөрүбашев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүлөрү түзгөн сот системасынын курмандыгы болуп жатышат. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосуна юридика илимдеринин доктору, профессор, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын баамында, Текебаевдин мисалында «сот адилеттүүлүгү Кыргызстанда канчалык деңгээлде бар, бар болсо эл үчүн кандай кызмат кылып жатат деген маселени коюу зарыл».

- Текебаев, Атамбаев жөнүндө айтып түгөтө албай жатабыз, - деди ал. - Бирок булар азыркы сот, укук коргоо системасын өз колу менен түзгөн адамдар да. Укуктук, саясий, уюштуруучулук жактан бир адамдын гана көзүн карап турган системаны түзүп алышкан. Табалабайм, бирок өзүлөрү ошонун курмандыгы болуп жатышат. Сот системасын кайра түзүш керек. Албетте, мен судьялардын арасында баары эле жаман деп айтпайм, а бирок кайсы бир бөлүгү чөнтөгүндөгү акчаны же жогору жактан телефон чалууну күтөт. Бүгүнкү күндөгү сот системасын Убактылуу Өкмөт, ошол эле Текебаев өзү түзгөн, Атамбаев катышкан, Отунбаева баарынын башында турган.

Бүгүн, 21-августта Жогорку сот Текебаевге мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого райондук сотко жөнөттү.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан пара алды деген негизге 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Өзүлөрү бул айыптоону ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук деп баалашкан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев быйыл 8-августта кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Ага бир нече айып тагылды. Ал да өзүнө карата куугунтук жүрүп жатканын айтып келет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG