Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Сариев: Саясий басым болбосо соттор калыс чечим чыгарууга даяр


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов боюнча Жогорку соттун чыгарган чечими тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Ал саясий басым болбосо соттор калыс чечим чыгарууга даяр деп эсептейт. Ошону менен катар ал муну сот системасындагы реформалардын жүрүшү менен байланыштырды:

- Сот системасында реформалар жүрүп жатат. Мурда кийлигишүү, сотторго үстөмдүк болчу. Азыр мыйзам чегинде чечим кабыл алышына мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Сот бүгүнкү чечимди жаңы жагдайлардын негизинде чыгарды деп түшүнөм. Биринчи инстанцияда 13-май күнү боюнча колумдагы кагаздар менен сотко барып, көрсөтмө бергем. Ал күнү биз Убактылуу Өкмөттүн чукул чакырылган жыйынынын чечимдерин талкуулап, кол коюп бергенбиз. «Ал ошол саатта, ошол убакта жыйынга катышкан» деп айтылып, документтерге кол коюп жатат. Ал убакта башка жерде болууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бул анык, так далилдер болчу. Тилекке каршы, ошол убакта муну сот эске алган эмес. Кайра баштапкы сотко жөнөткөнү туура чечим болду. Эми алар кылдат карап чыгып, чечим кабыл алат деп ойлойм.

Сариев Текебаевге кайрылып, түрмөдөн акталып чыкса мурдагы иштер үчүн өч алып, таарынбоого чакырды:

- Эң негизги багыт - мамлекеттин биримдиги болуш керек. Өч алуу, таарыныч деген болбош керек. Саясат деген өзү ушундай, ачуу, курч болот экен. Саясатка барган адамдар эч кимге таарынбашы керек.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Маевский жана дагы бир орусиялык ишкер Алексей Модин Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. Бирок «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Бул адвокаттар көрсөткөн беш жаңы жагдайдын бири болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG