Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Медиа: Орусия украин деңиз аскерлерин бошоткону жатат


Камактагы украин деңиз аскерлери.
Камактагы украин деңиз аскерлери.

Орусиялык «Коммерсант», РБК басылмалары жана «Интерфакс» маалымат агенттиги бир катар ишенимдүү булактарына таянып Москва менен Киев туткундарды башма-баш алмашууга даярданып жатканын жазып чыгышты. «Коммерсант» гезити бул жагдайды жакындан билген аткаминерге шилтеме кылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр дээрлик аягына чыкканын кабарлады. Ага ылайык, Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлери ушул ай бүткөнгө чейин боштондукка чыкмакчы.

Былтыр 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кеткен.

Окуяны Украина менен Батыш өлкөлөрү «агрессия» деп баалашкан. Бириккен Улуттар Уюму туткунга түшкөн украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Москва болсо украин деңиз аскерлери «Орусиянын чек арасын бузган» деп билдирип келет.

Украина Орусия жалпысынан 150 жаранын мыйзамсыз камап отурганын билдирген. Алардын арасында «террорчулукка» байланыштуу айыпталган режиссёр Олег Сенцов дагы бар.

Орусия өзүндөгү туткундарды кимдерге алмашкысы келерин ачыкка чыгара элек.

XS
SM
MD
LG