Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Ренат Түлөбердиев «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Тийиштүү чечимди өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд – «Улуттук башкаруучу компания» ишканасынын негиздөөчүсү кабыл алды.
Ренат Түлебердиев ушул эле күнү, 21-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматынан бошотулган. Анда Түлөбердиев башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганы белгиленген. (КЕ)