Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Абжалиевдин баласы катышкан кырсык тергелип бүтө элек


Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча иш тергелип бүтө элек.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ал кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып бергенин ырастады.

- Азыркыга чейин тергөө иштери уланып жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Жыйынтыкка карап айыбы угузулат, - деди ал.

Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Ал катышкан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасындагы төрт киши тең ажал тапкан.

Милициянын маалыматына караганда, BMW Х7 Каракол тарапты көздөй баратып каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагышкан. Кийин BMW Х7 машинесинде Абжалиевдин уулу болгону белгилүү болгон.

Маркумдардын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, кылмышты жашыруу, видеолорду өчүрүү аракети көрүлүп жатканын айтып даттанышкан. Токобековдун жакындары бул маалыматтарды четке каккан. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым. (KE)

XS
SM
MD
LG