Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Жонсон: Лондон жана ЕБ Брекзит боюнча келишимге жетише алат


Борис Жонсон жана Ангела Меркел.
Борис Жонсон жана Ангела Меркел.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Лондон менен Брюссел дале болсо Евробиримдиктен чыгуунун шарттары боюнча келишимге жетишүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт.

Бул тууралуу британ премьер-министри Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен биргелешкен басма сөз жыйынында билдирди.

Меркел Британия жана Европа Биримдиги 30 күн ичинде маселени чечүүнүн жолдорун таба алат деп ишенерин айтты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Британиянын биримдиктен чыгуу шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүн эмес экенин өзүнүн билдирүүсүндө белгилеген.

Бул Жонсон премьер-министр кызматына киришкенден кийин биринчи жолу Берлинге келиши. Ал 22-августта Парижде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен жолугушары айтылган.

Буга чейин канцлер Ангела Меркел Германия үчүн Британиянын Европа Биримдигинен (ЕБ) келишимсиз чыгышы күтүүсүз болбой турганын айткан. Ал Британия Евробиримдиктен келишимге ылайык чыкса жакшы болорун белгилеп, бирок андай болбосо Германия «башка варианттарга даяр» экенин айткан.

Мурдараак Британиянын премьер-министри Борис Жонсон келишимсиз болсо да өлкөнү Евробиримдиктин курамынан 31-октябрга чейин чыгара турганын бир нече жолу билдирген.

Британ лейбористтеринин лидери Жереми Корбин өлкө бийлигинин Брюссел менен келишим түзбөстөн Брекзитке барууга укугу жок экенин билдирген. Бул тууралуу 14-августта оппозициялык партиялардын лидерлери жана британ парламентинин депутаттарына жөнөткөн катында жазып, Евробиримдиктин курамынан келишимсиз чыгууга жол бербөөгө аракет кыла турганын белгилеген.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте Брекзит келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен.

XS
SM
MD
LG