Ооганстанда АКШнын эки жоокери аскердик операция маалында каза тапты.
Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы миссиясы 21-августта билдирди. Бирок аскерлердин аты-жөнү, кандай шартта мерт болгону тууралуу маалымат бериле элек.
Аскерлердин өлүмү Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын ортосунда Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу тууралуу макулдашуу жүрүп жаткан маалга туш келди.
НАТОнун АКШ баштаган коалициясынын аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда 14 миңдей аскер кызматкери жергиликтүү армияны машыктыруу менен алек. Жоокерлердин жарымына жакыны АКШнын жарандары.
2001-жылдан бери Ооганстанда 2400дөн ашуун америкалык аскер каза болду.