Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57

Өкмөттүн бала бакчанын жарым акысын төлөп берүү программасы ишке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт бала бакчалардын тартыштыгына байланыштуу мамлекеттик социалдык буюртма программасын ишке киргизет. Ага ылайык мамлекет жеке менчик бала бакчалардын кызмат акысынын жарымын жабууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик колдоо көп балалуу (беш жана андан ашык), социалдык жактан аялуу жана багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө, айлык акысы 10-12 миң сомдон төмөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге көрсөтүлөт. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы болсо, алар да бул жеңилдикти пайдалана алат.

Программанын алкагында 2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке менчик бала бакчаларга миң баланы, Ош шаарында 500 баланы жайгаштыруу пландалган. Бул үчүн жылына 48 млн. сом талап кылынат. Социалдык буюртманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат.

Ата-энелер долбоорго катышкан, өздөрүнө жаккан бала бакчасын тандайт жана ал жакка багыттама талон алышат. Андан соң баланын артынан төлөм жөнөтүлөт.

Бала бакчалардын жетишсиздиги - Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири. Расмий маалымат боюнча өлкөдө наристелердин 40% гана бала бакчага барат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG