Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Германия Орусияны «Чоң сегизге» кайтаруу боюнча сунушка макул эмес


«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн лиделери Ла-Бальбадагы саммит учурунда. Канада, 2018-жыл.
«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн лиделери Ла-Бальбадагы саммит учурунда. Канада, 2018-жыл.

Германиянын өкмөтү 2020-жылы өтө турган «Чоң жетинин» саммитине Орусияны чакыруу боюнча Франция менен АКШ президенттеринин сунушуна макул эмес.

Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффан Зайберттин айтымында, бул үчүн Москва Украинага карата өз позициясын өзгөртүүгө даяр экенин көрсөтүшү зарыл. Ушундан кийин гана Орусияны «Чоң жетиге» чакыруу маселеси талкууланат. Бул тууралуу Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарлады.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусия «Чоң сегизге» кайтыш үчүн шарттарды толук аткара элек экенин кошумчалады.

Мунун алдында маалымат каражаттары Франция менен АКШнын президенттери Эммануэл Макрон менен Дональд Трамп 2020-жылы Нью-Йоркто өтө турган «Чоң жетинин» саммитине Орусияны чакыруу боюнча сүйлөшкөнүн жазышкан.

«Чоң сегиздик» 2014-жылдан тартып иштебей калган. Себеби Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин «Чоң сегиздиктин» курамындагы АКШ, Британия, Франция, Италия, Канада, Германия жана Жапония Сочиде өтө турган жыйынга келүүдөн баш тарткан. Ошондон бери алардын жолугушуусу Орусиянын президенти жок эле өтүп келет.

Дональд Трамп Орусиянын G7 («Чоң жетиге») кайтышын колдой турганын буга чейин дага бир нече жолу билдирген. Макрон бул маселе Украинадагы кырдаалдан көз каранды экенин айткан. «Reuters» өз булактарына таянып жазганына караганда, расмий Париж бул позициясын өзгөрткөн жок. Орусиянын президенти Владимир Путин Москва «Чоң жетилик» менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG