Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

«Академия-Лидер» футбол командасы кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду


«Академия-Лидер» футбол командасы.
«Академия-Лидер» футбол командасы.

Кыргызстандын премьер-лигасында ойногон «Академия-Лидер» футбол командасы бүгүн, 22-августта Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду. Маалыматты Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова тастыктады.

Федерациядан алынган маалыматка караганда, футболчулар бара жаткан автобус жеңил автоунаа менен кагылышкан. Кырсыктан команданын 22 жаштагы оюнчусу каза тапкан. Бир футболчу ооруканага жаткырылган. Автобуста 14 оюнчу, машыктыруучу жана команданын администратору болгону айтылууда.

«Академия-Лидер» клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында Оштун «Алай» клубу менен 21-августта беттешип, кайра Бишкекке келе жаткан. «Академия-Лидер» футболдук клубу 2018-жылы НТС телеканалында эфирге чыккан «Лидер» теледолбоору аяктагандан кийин негизделген.

2019-жылдан тартып Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган кыргыз премьер-лигасында ойнойт. 17-турдагы оюндан кийин «Академия-Лидер» 8 упай менен 8-катарда келе жатат. (GT)

Дагы караңыз: Жумгалда жол кырсыгынан үч адам каза болду

XS
SM
MD
LG