Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Орусия алгачкы гуманоид роботун космоско учурду

«Фёдор» роботу сыноо учурунда.
«Фёдор» роботу сыноо учурунда.

Орусия биринчи гуманоид роботун пилотсуз ракетасы менен космоско жөнөттү. Роботту жүктөгөн «Союз» кемеси 22-августта Казакстандын Байкоңур аэродромунан учуп чыкты.

«Фёдор» аттуу бул робот Эл аралык космос станциясында 10 күн болуп, астронавттар менен иштешүүнү үйрөнө турганы кабарланды. «Союз» кемеси космостук станцияга 24-августта жетет.

Гуманоид роботтун бою 1,8 метр, салмагы 160 килограммдай. Ал үчүн «Инстаграм» менен«Твиттерде» атайын аккаунттар да ачылган.

«Роскосмос» бул робот майда тапшырмаларды аткарууда космонавттарга көмөктөшө алаарын билдирди.

​
XS
SM
MD
LG