Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Түркияда кыргызстандык Гүлен кыймылына катышы бар деп кармалды


Түркияда төңкөрүшкө байланыштуу айыпталып кармалгандар.
Түркияда төңкөрүшкө байланыштуу айыпталып кармалгандар.

Бул тууралуу Түркиянын «Ihlas» маалымат агенттиги кабарлады. Кабарда Түркиянын Самсун шаарында издөөдө жүргөн кыргызстандык Д.З. аттуу жаран Стамбул шаарында кармалганы жазылган. Ал Гүлен кыймылына (ФЕТО) катышы бар деп кармалган. Шектүү кыргызстандык жаран Самсундун ички иштер башкармалыгынын аткезчиликке жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмү тарабынан суракка алынып, Самсун прокуратурасына өткөрүлгөнү маалым болду.

Фетхулла Гүленди расмий Анкара 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды болбогон сөз катары четке каккан.

Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган. Түркиянын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 5-июлдагы маалыматы боюнча, 30 миңге жакын жаран азыр «террордук уюм менен байланышы бар» деген берене менен камакта отурат. Түркияда 2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин кесепетинен улам 249 жаран каза болгон. (EIB)

XS
SM
MD
LG