Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Волейбол: Кыргызстан Азия чемпионатынын финалына чыкты


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. Катманду, Непал. 19-август, 2019-жыл.

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Өлкөнүн Волейбол федерациясынан билдиргендей, Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 (25-17; 25-18; 25-22) эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Финалдык бетттеште Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Оюн 23-августта өтөт.

Буга чейин Кыргызстан курама командасы үй ээси Непалды 3:0, Мальдив аралдарынын курама тобун 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойноду. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш жана Афганстандын курама командалары болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG