Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:04

Бабанов УКМКга экинчи жолу сурак берет


Өмүрбек Бабанов.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) экинчи жолу сурак берүүгө барат. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суралып жатат.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Мындан тышкары ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш ачылган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, 9-августта кайтып келди. Бабанов Финансы полициясында “Кыргызстан” банкы боюнча эки жолу сурак берип чыкты. Быйыл банкка байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG