Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Өзбекстанда 2020-жылдан тарта насыяны рубль менен төлөөгө уруксат берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2020-жылдан тарта, эмгек мигранттары өзбек суму менен алган насыяларын орус рубли менен төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул тууралуу 22-августта Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Төлөм "Азия инвест банк" жана башка орусиялык өнөктөш банктар, анын ичинде электрондук төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.

2020-жылдан тарта турак жай шартын жакшыртууну каалаган Өзбекстандын эмгек мигранттарына көп кабаттуу үйлөрдөн 3 462 батир насыяга берилет.

Өзбекстандын калкы 33 миллионду түзөт, 19 миллиону эмгекке жарамдуу жаран. Алардын ичинен 5,6 миллиону Орусияда иштейт.

XS
SM
MD
LG