Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Бишкекте жеке ишкананын кампасы өрттөнүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан “Бекендос Плюс” ишканасынын кездеме, пластик түтүктөрү сакталып турган кампасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрттүн жыйынтыгында кампанын 2800 чарчы метр аянты күйүп кетти. Тилсиз жоо кесепетинен бир адам жеңил жаракат алды.

22-август күнү кечинде тутанган өрт, түн оогондо толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатат.

Эки күн мурун Бишкектеги Интергельпо көчөсүндөгү бир нече жеке ишкананын кампалары дагы өрттөнүп кеткен эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG