Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Бермет Акаева тууралуу жазгандарды Кулов сотко берет


Экс-премьер-министр Феликс Кулов, мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен жолукканы тууралуу жазган маалымат каражаттарынын үстүнөн сотко кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кулов өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттары жалган кабар таратып, ар намысына шек келтирүүдө:

Мен эч качан журналисттер менен соттошкон эмесмин. Бирок бул жолу журналисттер буга чейинки жалган маалыматты төгүнгө чыгарбаса, сотко кайрылууга туура келет. Бермет Акаева менен соңку күндөрү эмес, дегеле ар кандай кызматтарды ээлеп жүргөндө дагы жолуккан эмесмин. Аны бир гана жолу, ал турмушка чыгып жаткан учурда, конок катары үйлөнүү тоюна барып көргөм”, - деди Кулов.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бермет Акаева Кыргызстанга Феликс Кулов менен жолугуп, атасын өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшкөнү келгенин жазган болчу.

19-августта Бермет Акаева Кыргызстанга келгени белгилүү болгон. Аскар Акаев болсо кызы мекенине туугандары менен учурашуу үчүн барганын айткан.

Бүгүн болсо Башкы прокуратура Акаевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштерин ирети менен тизмектеп, мурдагы президент Кыргызстанга кайтса сурак берерин эскертти.(BkA)

Дагы караңыз: Прокуратура Аскар Акаевдин жакындарына козголгон кылмыш иштерин эске салды

XS
SM
MD
LG