Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Текебаев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрыла элек


Жогорку Сот “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата төмөнкү инстанциядагы соттордун буга чейинки чечимдерин жокко чыгаргандан бери, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттары азырынча сотко кайрыла элек. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, учурда Текебаев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко кайрылчу чечимин кабыл ала элек.

Адвокат Жогорку Соттун ишти кайра кароого жөнөтүү чечиминен соң, кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасы райондук сотто караларын кошумчалады.

Орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, Текебаев менен анын партиялашы, саясатчы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы, ар бири сегиз жылдык мөөнөткө түрмөгө кесилген. Быйыл 21-августта алардын ишин жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Сот карап чыгып, мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу менен ишти кайра баштан кароого жөнөткөн. Учурда Текебаев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG