Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Өзбекстанда шахтачылар иш таштады


"Шаргункумир" көмүр ишканасында иштегендердин нааразычылык акциясы.
"Шаргункумир" көмүр ишканасында иштегендердин нааразычылык акциясы.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы "Шаргункумир" көмүр ишканасында иштеген 200дөй шахтачы айлыкты көтөрүүнү талап кылып иш таштады. Окуя 14-августта болгон. Бирок бул тууралуу 22-августта гана маалым болгонун "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Ысымын атабаган булактын айтымында, шахтачылар айына 1 миллион сум же 100 доллардай маяна алат. Ошол эле булак билдиргендей «Шаргункумир» «Узбекистон темир йуллари» ишканасына өткөрүлүп берилгени жумушчулар ишке дем алыш күндөрү да чыгып калышкан. Мындан улам шахтачылардын нааразылыгы күчөгөн.


Иш таштоонун биринчи күнү директор Анвар Очилдиев барган, бирок шахтачылар менен бир пикирге келе алган эмес.

Экинчи күнү Ташкенттен атайын комиссия барып, шахтачылардын арыз-муңун уккан. Комиссия өкүлдөрү жумушчулардын дооматтары негизсиз экенин айтышты.

"Шаргункумир" жана "Узбекуголь" көмүр ишканалары 2017-жылдын жайында «Узбекистон темир йуллари» курамына кирген.

XS
SM
MD
LG