Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Жарандык активист Турдукулов ИИМге суракка чакырылды


Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу Турдукулов өзү кабарлады. Анын айтымында, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча сурак берет.

КСДПнын саясий кеңешинин дагы бир мүчөсү, “Апрель” каналынын директору Дмитрий Ложников болсо бүгүн 18:00дө Аскер прокуратурасына чакырылды. Ложников кайсы иш боюнча чакырылганын билбей турганын айтып чыкты.

Буга чейин журналист Кой-Таштагы окуялар боюнча ИИМ жана УКМКга сурак берип чыккан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын жүрүшүндөгү кагылышта УКМКнын бир кызматкери каза болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG