Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Сооронбай Жээнбеков: Энергетика тармагын реформалоо зарыл


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент «Улуттук энергхолдингдин» төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алган учурда билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланган.

Жээнбеков энерготармак токтоосуз реформага муктаж экенин белгилеп, өлкө жарандарын үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылууну тапшырды.

Ал коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды чогуу сарамжалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташуу зарыл экенин кошумчалады.

Кыргызстанда энергетика системасынын коррупциялашканы боюнча абдан көп айтылып келет. Буга чейин системаны башкарууну реформалаш үчүн Энергетика министрлиги жоюлуп, «Улуттук энергхолдинг» түзүлгөн. Бирок парламентте мындай чечим сынга алынып, кайрадан министрликти калыбына келтирүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG