Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Путин АКШнын ракеталык сыноосуна каршы чара көрүүгө чакырды


Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-август, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 23-август, 2019-жыл.

Кремлдин маалыматына караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлерине американын ракета сыноосуна каршы жооп иретинде чара көрүүгө даярданууга чакырды. Бул тууралуу Путин 23-августта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп жатып билдирди.

Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгени менен түшүндүргөн.

Аптанын башында АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялады. Бул келишимден чыккандан кийин алгачкы ушундай сыноо болду.

Орусия жана Кытай Вашингтондун аракети эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG