Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

1-сентябрга карата 660 мектеп Интернетке туташтырылат


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Быйыл жаңы окуу жылынын башталышына карата Кыргызстанда 660 мектеп Интернетке туташтырылат. Бул тууралуу Ысык-Көлдө өтүп жаткан мугалимдердин август кеңешмесинде маалым болду.

Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2016-2017-жылы 775, ал эми 2018-2019-жылы 613 мектеп өкмөттүн эсебинен глобалдык желеге кошулган.

Бирок министрлик айрым мектептерде маселе толук чечиле электигин белгилөөдө.

"Алардын ичинен мектеп Интернетке туташканы менен компьютерлери жок болгондору да бар", - деди министр Гүлмира Кудайбердиева.

Кыргызстанда 2262 мектеп бар. Быйылкы жыл өлкөдө “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деп жарыяланган.

Учурда өкмөттөн Интернетке деп ар бир мектепке ай сайын 2 миң сом бөлүнөрү белгилүү болду. (KS)

XS
SM
MD
LG