Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Чолпон-Атада эл аралык шахмат турнири жыйынтыкталды


Турнир Чолпон-Ата шаарында өттү.
Турнир Чолпон-Ата шаарында өттү.

Чолпон-Ата шаарында 18-23-август күндөрү өспүрүмдөр жана чоңдор арасында эл аралык шахмат турнири өттү.

Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышында депутат болгон Улан Чолпонбаевдин элесине арналган мелдешке Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык оюнчу катышты.

Жеңүүчүлөр медал, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Уюштуруучулардын белгилешинче, турнирге Өзбекстандын өкүлү, Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) кеңешчиси, эл аралык орбитр Хусан Турдалиев катышканы сыймык болду.

Жогорку Кеңештеги "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев 2017-жылы 40 жашында бөйрөк оорусунан каза болгон.

XS
SM
MD
LG