Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Беларус АКШдан мунай сатып алуу жолдорун караштыра баштады


Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.

Беларус АКШдан чийки мунай сатып алып, Батыш менен мамилесин жакшыртууга умтулат. “Азаттык” радиосуна маалым болгондой, алгачкы жолу белорус бийлиги энергоресурстарга бай коңшусу Орусиядан башка да багыттарды караштырып көрүүнү чечти.

Бул өлкөнүн "Белнефтехим" улуттук мунай концерни менен байланышы бар мамлекеттик мунай компаниясы Вашингтондо санкциялар боюнча АКШ өкмөтү менен сүйлөшүүлөрду жүргүзүү үчүн консультант Дэвид Женкареллини жалдаганы маалым болду.

Женкарелли компанияга АКШнын казыналыгынан “чийки мунай сатып алып, Беларустун мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жеткирүүгө” атайын лицензия алууга жардам берет.

Вашингтон 2006-жылы Беларуска карата санкция киргизип, муну президенттик шайлоо таза өтпөгөнү, демократиялык процесстер үзгүлтүккө учурагыны менен негиздеген. Бир жылдан кийин санкциялык тизмеге «Белнефтехим» ишканасы да кирген.

Белорус бийлигинин Москва менен бул багыттагы долбоорду талкуулоосу 20 жылдан бери натыйжа бербей келет. (RK)

XS
SM
MD
LG