Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Баткенде Интернетке туташа элек эки гана мектеп калды


Баткен.
Баткен.

Баткенде 235 мектептин 233үнө Интернет жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, облустагы алыскы, мүмкүнчүлүгү жок болуп турган Зардалы жана Көтөрмө айылдарындагы эки мектепке гана Интернет жете элек.

233 мектептен тышкары 10 бала бакча да Интернетке туташтырылды.

Мындан тышкары, аймакта мектеп жамааттары менен макулдашуунун негизинде 1-сентябрдан тартып 58 орто мектеп “Акылдуу мектеп. Смарт мугалим” долбоору боюнча иштей баштайт.

Долбоор алкагында санариптешкен ыкма иштеп, окуучулардын билим деңгээлин баалоо, катышуу, сабактын планы, балдарга тапшырмалар, уюштуруу иштери жана финансылык багыт да электрондук ыкмада жүргүзүлөт.

Бул долбоорду ишке ашыруу, тиркемелер менен камсыздоону чет өлкөдө окуган баткендик жаштар акысыз колдоого алышкан.

Баткен облусунда жалпы 244 мектеп бар. Анын 235и мамлекеттик, калганы жеке менчик, көмөкчү жана кечки мектептер. (JsA)

XS
SM
MD
LG