Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Эмил Шүкүровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат


Эмил Шүкүров. Архивдик сүрөт.
Эмил Шүкүров. Архивдик сүрөт.

Белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун тажиясы 25-августта Кыргыз академиялык драма театрынын имаратында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты.

Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. География илимдеринин доктору, биология илимдеринин кандидаты даражасын коргогон.

2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, бирок кийин өз эрки менен мандатын тапшырган.

Шүкүров 23-августта 81 жаш курагында сыркоонун айынан дүйнө салды.

Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргызстандагы мөңгү, уран кени тууралуу маселелерди көтөрүп жүрдү. (ZA)

XS
SM
MD
LG