Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Курсан Асановдун ишине байланыштуу ИИМ кызматкери камалды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында министрликтин кызматкери кармалды. Ал кылмышка катышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 24-августта “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди:

- Аскер прокуратурасы ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жазык ишин тергеп жатат. Ошол иштин алкагында Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген буюмдар, документтер боюнча шектүү катары Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пайзылда уулу Дамирбек ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна “кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу билдирүү тапшырылды.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов ошол эле күнү билдирүү таратып, «мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес» деп айткан.

Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG