Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Өзбекстан Орусиядан автоунаа сатып алууда алдыга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн арасында Орусиядан эң көп автоунаа сатып алган лидер аталды.

«Автостат» аналитикалык агенттигинин маалыматына караганда, быйылкы 2019-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан Орусиядан 4300 автоунаа импорттогон. Экинчи орунду 4000 машине сатып алган Чехия, ал эми үчүнчү орунду Латвия ээледи. Бул өлкө Орусиядан быйылкы жылдын алгачкы алты айында 3000 автомашина импорттогон.

Орусиядан Өзбекстанга автоунаа ташуу көрсөткүчү бул аралыкта 32% өскөн.

«Узавтосаноат» холдинг компаниясы былтыр Орусиядан автоунааларды жана тетиктерди 25,5 миллион долларга сатып алган болсо, быйыл 118,6 миллионго жеткирүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG