Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:37

Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады


Дүйшөмбү шаарынын базары.

Тажикстанда доллардын кымбатташы азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизүүдө. Картөшкө буга чейин килограммы 3 сомони турса, азыр 3,5-4кө жетти. Тооктун жумурткасы бир даанасы 70 дирам болсо, азыр 90дон сатылууда.

Сатуучулар товарды дүңүнөн алганда да баасы мурдагыдан кымбатыраак болгонун айтып жатышат.

20-августта Тажикстанда АКШ долларынын курсу көтөрүлгөн. Ага чейин банктар бир долларды 9 сомони 43 дирамдан сатып жаткан болсо, бул күнү 9 сомони 70 дирамга жеткен.

Өлкөнүн Улуттук банкы мындай чечим доллардын расмий курсу менен көмүскө базардагы баасында чоң айырма пайда болгонуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG