Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

«J-Fest»: Ысык-Көлдө чет элдик туристтер мелдешти


Фестивалга катышкан туристтер. 24-август, 2019-жыл.
Фестивалга катышкан туристтер. 24-август, 2019-жыл.

Ысык-Көлдө кезектеги туристтик фестиваль өттү. Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында салтка айланган «J-Fest» фестивалын «Жыргалаң» бирикмеси уюштурду.

Бирикменин жетекчиси Гүлмира Примованын айтымында, бул жолку иш-чарага чет өлкөлөрдөн келген 200гө жакын конок катышты.

- Ушуну менен фестивалды үчүнчү жыл өткөрүп жатабыз, - деди ал. - Биздин максат – айылыбызга келген туристтер көбөйтүү, аларды кыргыз элинин салты, үрп-адаты, улуттук тамак-ашы менен тааныштыруу. Айылыбыз жылы бою туристтерди тосот. Быйыл жайында он конок үйү кем дегенде 60-80 чет элдикти тейледи, бул жакшы көрсөткүч.

Фестивалдын жүрүшүндө туристтер тушоо кесүү аземине катышып, көкбөрү, кыз куумай жана башка ат оюндарын көрүштү. Алар турналуу көлгө, Эки-Чат капчыгайына жөө барышты. Веложарыш жана жөө жүрүш мелдештери өткөрүлдү.

1200дөй адам жашаган Шахты-Жыргалаң айылы Каракол шаарынан 70 чакырым жерде жайгашкан. Көмүр шахтасы иштеп турган кезде эле жергиликтүү эл мал чарбачылыгы менен алектенчү.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаевдин айтымында, туризм багыты 2014-жылдан бери жакшы өнүгүп келе жатат. (KS)

XS
SM
MD
LG