Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси кызматтан кетти


Александр Яковенко.
Александр Яковенко.

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Александр Яковенко кызматын тапшырды. Дипломатиялык мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, анын ордуна убактылуу Иван Володин дайындалды.

Быйыл апрель айында «Коммерсантъ» гезити 64 жаштагы Яковенко Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына жетекчи болуп кетиши ыктымал экенин жазган. Ал министрликтин системасында 1976-жылдан бери иштеп келди.

Басылма жазгандай, буга чейин Британиядагы элчилик кызмат орус Тышкы иштер министрлигинин системасындагы кадыр-барктуу орун болуп эсептелсе, Солсбериде Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипалга коюлган чабуулдан кийин «уулуу» болуп аталып калды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Яковенконун кетишин «дипломатиялык миссиялардын кадимки ротациясы» деп атады жана Москва менен Лондондун ортосундагы мамиле начарлаганына тиешеси жок экенин айтты.

XS
SM
MD
LG