Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Британия Перс булуңуна үчүнчү аскердик кемесин жөнөтүүдө


Ормуз кысыгы. Архивдик сүрөт.
Ормуз кысыгы. Архивдик сүрөт.

Улуу Британия Перс булуңуна үчүнчү аскердик кемесин жөнөтүп жатканын билдирип, аны «чыңалуу өкүм сүрүп турган аймакта кеме кыймылынын эркиндигин коргоо» максаты менен түшүндүрдү.

Өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллестин айтымында, дүйнөдөгү кеме кыймылынын эң маанилүү тилкелеринин бири болгон Ормуз кысыгына буга чейин эки кеме жөнөтүлгөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп соңку эки айда ири көлөмдө мунай ташылуучу бул кысыкта коммерциялык кемелер коргоого муктаж болуп жатканын айтып, Батыш өлкөлөрүнө, анын ичинде британ бийлигине кайрылган.

Вашингтон «кемелерге кол салууну уюштурууда» деп Иранды айыптап келет.

Расмий Тегеран мындай дооматтарды четке кагып, Ормуз кысыгындагы абал мыкты көзөмөлдө турарын, тышкы кийлигишүү аймактагы абалды курчутушу ыктымал экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG