Израилдин авиациясы жекшембиге караган түнү Сириядагы Ирандын объектилерине абадан сокку урду. Бутага Дамасктын түштүк-чыгышындагы объектилер алынганын Израилдин Коргонуу армиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Израилдик аскерлер «Ислам революциясынын сакчылар корпусу» деп аталган атайын бөлүктүн Ирандын сыртында жайгашкан объектилерине сокку урулганын кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, Иран ошол жактан учкучсуз башкаруудагы учактары менен Израилге чабуул коймок.
Сириянын САНА маалымат агенттиги өлкөнүн абадан коргонуу системасы Дамаск шаарына кол салуунун алдын алганын билдирди. Шаардын үстүндө бир нече жарылуу болду.
Абадан коргонуу системасынын өкүлдөрү белгилегендей, бутага жеткенче бир нече израилдик ракета атып түшүрүлдү.
Сокку урулганын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да бышыктап, анын өлкөсүнө багытталган кол салууга жол берилбегенин айтты.
Адамдар каза болуп же жараат алганы тууралуу маалымат жок.
Сирия буга чейин аба чабуулдары үчүн Израилди бир нече жолу айыптаган. Израил ал соккулар үчүн жоопкерчиликти мойнуна алып, Сириянын аймагында ирандык аскерлердин болушун каалабай турганын билдирген. (RK)