Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Волейбол: Азиянын аймактык чемпиону аталган курама команда Бишкекке кайтты


Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасын тосуп алуу. 25-август, 2019-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасын тосуп алуу. 25-август, 2019-жыл.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты «Манас» аэропортунда өттү.

Мелдеш Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан - Өзбекстандын оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңип чыккан.

Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын өкүлдөрүн уткан.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып, алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду.

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы бул чемпионатка 2015-жылдан бери катышып келе жатат.

2015-жылы Кыргызстан тайпалык мелдештерден өйдө чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медаль тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. 2018-жылы коло медалга татыган. (GT)

XS
SM
MD
LG