Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кыргызстанда жыл башынан бери алты адвокат камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Адвокаттар кеңеши жыл башынан бери өлкөдө алты жактоочунун камалганын алардын ишмердигине байланыштырууда. Кеңеш мүчөлөрү бул маселени ушул жумада жыйынга чогулуп, талкуулашмакчы.

Адвокаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Жыргал Бабаев «Азаттыкка» адвокаттардын макамын коргогон мыйзамдар сакталбай жатканын айтты.

Бир катар саясатчыларга жактоочулук кылып жүргөн Икрамидин Айткуловду 22-августта Бишкек шаардык милициясы кармап, бир күндөн кийин үй камагына чыгарган. Ал акча маселесине байланыштуу алдамчылык кылганы айтылууда.

«Кыргызстандын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамга ылайык, жактоочу иш учурундагы айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок кесиптик ишинде мыйзам бузган деп шек саналса, башкы прокурор же анын орун басарлары кылмыш ишин козгой алат. (SE)

XS
SM
MD
LG